Тешилген пол, шыбагы түшкөн дубал. Улуттук курама команда машыккан бокс залы

Жазылуу
Бүгүн, 6-апрель — спорт, өнүгүү жана тынчтык эл аралык күнү. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2013-жылы 23-августта бир добуштан кабыл алынган.

Бул күндү утурлай биздин спортчулар кандай шартта машыгып жатканына кызыгып көрдүк.

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бокс залы… Имараттын эскилиги жетип, полдору тешилип, дубалдардын шыбагы түшкөн. Спортчулар машыга турчу шаймандар дагы эскирип, көпчүлүгү жамаачыланган. Бирок шарттын жоктугуна карабай бокстун чыныгы фанаты болгондор машыгууларын калтырбай, көздөгөн максатына жетүү үчүн бардык күчүн жумшап келишет.

Бул залда Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы дагы машыгат. Имараттын ичине кирген адам зал акыркы жолу качан оңдолгон деп сөзсүз суроо салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0