Атамбаевдин 7-апрелге карата кайрылуусу видеоролик болуп чыкты

Жазылуу
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда ошол кездеги Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, 86 адам көз жумган. Апрель революциясына байланыштуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, анын текстин диктор окуган.

Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирүүгө аракет кылган жүк ташуучу автоунаа - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынан "Ата-Бейитке" чейин — революция жана анын кесепеттери
Президенттин тексти "туура жети жыл мурда 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын тагдыры чечилген" деп менен башталат. Кайрылууда дал ушул күнү бир үй-бүлөнүн авторитардык башкаруусуна чекит коюу максатында карапайым калк эркиндик үчүн күрөшкө чыкканы айтылат.

"Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн, бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Бирок жеңиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз каза болуп, кийин алган жарааттарынан улам дагы ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз", — деп айтылат кайрылууда.

Өлкө башчынын сөзүндө Апрель революциясы өлкөнү экономикалык каатчылыктан, басмырлоодон куткарып, Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты деп кошумчаланган.

"Мындан улам апрель ыңкылабында эркиндик жана акыйкаттык үчүн көз жумган эр азаматтардын урматына 7-апрелди аза күтүү күнү эмес, улуттук майрам катары өткөрөлү. Урматтуу мекендештер, бардыңыздарды 7-апрель Улуттук майрамыңыздар менен куттуктайм", — деп жазылат өлкө башчынын текстинде.

Аягында Атамбаев жалпы элге ден-соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0