21 жаштагы таэквондочу Нурай: мага машыгууга келгендердин эң кичинекейи үчтө

Жазылуу
18 жашында Азия чемпиону аталган Нурай Нурлан кызы учурда Новопавловка айылында өзү жалгыз ижарага спорт зал алып, 60тан ашуун кыздар-балдарды, ал тургай, чоң кишилерди да машыктырат.

Мындан төрт жыл мурда Нурай Өзбекстанда өткөн кыз-келиндер арасындагы таэквондо боюнча мелдеште биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталган. Кийин алган жараатына байланыштуу мелдештерге чыга албай, машыктыруучулук кесипти аркалап калган.

"Өзүм кесибим боюнча дизайнермин, бирок жүрөгүм сүйгөн иш менен алектенүүнү чечип таэквондо боюнча машыктыруучу болуп калдым. Алгач Новопавловка айылынын мектебиндеги спорт залда машыксак, балдардын саны көбөйгөндүктөн спорт зал табылып калып, аны ижарага алып иштетип жатам. Машыгууга үч жаштагы бөбөктөрдөн баштап 30га чейинки эже-байкелерге чейин келет. Аларды төрт тайпага бөлүп алып машыктырам", — деди Нурай.

Тешилген пол, шыбагы түшкөн дубал. Улуттук курама команда машыккан бокс залы - Sputnik Кыргызстан
Тешилген пол, шыбагы түшкөн дубал. Улуттук курама команда машыккан бокс залы
Спортчу кыз беш бир туугандын улуусу. Ата-энеси Россияда иштегендиктен бир туугандарынын түйшүгүн өзү аркалайт. Машыгууга келген балдар-кыздардан түшкөн акча спорт залга керектүү нерселерди алууга жетпегенин айткан Нурай демөөрчүгө муктаж экенин жашырган жок.

"Спорт залды ижарага алып иштетем, келгендерден түшкөн акча залдын ижарасына, жашаган батириме, анан баскан-турганыбызга гана жетет. Ал эми спортчуларга жакшы шарт түзүп машыктырсам деген оюм бар, бирок ага жетпей калып жатат", — деди спортчу кыз.

Нурай машыктырган балдар-кыздар чет жактардагы турнирлерге барып, алдыңкы орундарды камсыз кыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0