Жаңыланган Бишкек. Калаадагы көздүн жоосун алган жайлардын кечки көрүнүшү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарында көз жоосун алган жайларды, жаңы салынып жаткан бийик, кооз имараттардын кечки кооз көрүнүшүн видеого тартты.

Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй тигилди. Асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй "тигилди". Асмандан көрүнүшү
Куш учкандай бийиктиктен борбор калаабыздын жаркырап, өзгөчө көрк берип турган, жылдыз жаагандай элес калтырган көчөлөрдү, ири прожекторлор жашыл майсаңдарын алаканга салгандай көрсөткөн баскетбол аянттарын, неон жарыктары күйүп-жанган ири узун проспектилерди көрө аласыз. Айтмакчы, минареттери көк тиреген, жаңы гана бүткөн Махмуд Кашгари атындагы мечит алаканга салгандай болуп турат. Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө. Биздин Бишкек чакан болсо да  сүйүүгө, кооздукка толгон, мээрим чачкан шаар түнкүсүн да көзгө жылуу көрүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0