Кочкордо эки унаа кагышып, бир аял каза болду. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Кочкор районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда эки Audi-100 кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын ОИББдин Кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү болгон.

"55 жаштагы айдоочу Кеминди көздөй бара жатып, Кара-Суу айылына жакын жерде Audi менен кагышкан. Аны 52 жаштагы жаран айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаадагы аял окуя болгон жерде жан берген", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, аймактык ооруканага 5-6 адам түшкөн. Күбөлөр болгон окуяны тасмага тартып алышкан. Анда унаанын жолдон чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Аталган факт боюнча материалдар Кочкор РИИБине өткөрүлүп, тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0