Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммед. Карагаттай көздөр, түйүлгөн муштум

Жазылуу
Өзгөчө өнөр ээси Нурмухаммед Ташмаматов учурда жети жашта. Ал 5 жашынан баштап спорттун каратэ-до түрү менен машыга баштаган.

Молодоц актер Канат Дилдедосов - Sputnik Кыргызстан
Эл оозуна алынган кичинекейлер. КВНчиден тарта ди-джейге чейин
Нурмухаммед апрель айында Москва шаарындагы телеканалдардын биринин "Лучше всех" берүүсүнө чакыруу алган. Белгилүү киноактерлор Брюс Ли менен Жеки Чандын трюктарын аткарып чоң сахнада өз өнөрүн тартуулап келген Нурмухаммед "Лучше всех" төш белгисине ээ болуп кайтты. Мындан сырткары, Москва шаарында ага Кытай жана Украинада өткөрүлүүчү жаш таланттар сынагына катышуу сунушу түшкөн.

"Буюрса, ушул жылдын май айында Кытайда өткөрүлүүчү сынакка катышуу боюнча сунуш түшүп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал жакта да жаш таланттар үчүн "Лучше всех" берүүсү сыяктуу берүүгө катышабыз", — деди Нурмухаммеддин атасы Асылбек Урманов.

Урманов уулу Нурмухаммеддин өзгөчө талантын үч жашында байкап калып, өзгөчө көңүл буруп, багыт бере баштаган.

Эсеп чыгарып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу балдар: 6 айында тамга тааныган Раим, 11 секундда кубик чогулткан Чыңгыз
"Нурмухаммед анда үч жашта болчу. Байкасам, керебеттен туруп жерге 3-4-метр аралыкка секирет. Кыймыл-аракети да өзгөчө. Мен да спортчу болгондуктан, уулумдун өзгөчө кыймыл-аракетин байкап, үйдөн өзүм машыктыра баштадым. Алгач көнүгүүлөрдү жасатып, шпагатка отургуздум. Андан соң отуруп-туруп жасаган көнүгүүгө салдым. Беш жашка чыкканда машыктыруучуга алып барып, спорттун "Каратэ-до" түрү боюнча алектене баштады. Жыйынтыгы жаман эмес. Уулумду Москва шаарындагы "Мосфильм" студиясынын имаратынан көрүүнүн өзү мен үчүн чоң сыймык десем болот", — дейт атасы.

Ал Одноклассники сайтынан "Лучше всех" телеберүүсүнө катышуу үчүн кастинг жүрүп жатканын окуп калат да, жарыяда көрсөтүлгөн дарек менен байланышып көрөт.

Эртеси күнү аталган долбоордон байланышка чыгып, кастинг үчүн Москва шаарына убара болуп келүүнүн кажети жоктугун, Брюс Ли жасаган трюктарды аткарып видеосун интернет аркылуу жөнөтүү керектигин айтышат.

Урманов уулун даярдап, Брюс Линин жасаган трюктарын аткарып, видеого тартып салып жиберет. Көп өтпөй эле аталган программага катышууга чакыруу келет. Ал эми ата-баланын жолуна, тамак-ашына, жашап турууга кеткен чыгымын программа каржылаган.

"Ал жакка барганда Брюс Линин трюктарынан сырткары, капысынан эле Жеки Чандын да трюктарын аткаруу тапшырмасын берип коюшту. Уулум бардык тапшырмаларды аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду деп ойлойм"— деп айтып берди атасы.

Нурмухаммед Асылбек Урманов менен Эльвира Исакованын кенже уулу. Ал өзү да спорт менен машыгып келгендиктен уулу төрөлгөн кезде эле анын спортчу болуусун каалаптыр. Тилеги орундалып, 7 жаштагы Нурмухаммед чоң сахнада өнөрүн тартуулап келгендигине атасы кубанычы койнуна батпай турган чагы.

Бишкекте баланы ар тараптан өнүктүргөн борборлор, мектептер. Даректери - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте баланы ар тараптан өнүктүргөн борборлор, мектептер. Даректери
"Уулум оор басырыктуу аз сүйлөгөн бала болгондуктан, сахнада Максим Галкин аны сүйлөтө албай бир аз кыйналды. Бирок уулум эрке өскөн эмес. Буга чейин да облустук масштабдагы республикалык деңгээлдеги сынактарда биринчиликти багындырып келген. Буюрса, келечекте кыргыздын желегин желбиреткен дүйнө чемпиону болот деген ишеничтемин", — дейт Урманов.

Нурмухаммед Жалал Абад шаарындагы "Жаш жеткинчектер" спорт клубунда Алишер Сыдыков, Медербек уулу Жоомарт аттуу машыктыруучулардан сабак алат.

Нурмухаммед аларга келгенде беш жашта экен.

"Баарынан кызыгы, али наристе болсо да достукка өтө бекем, өзгөчө бала. Мелдештердин биринде катары менен эки төш белги алып, ал эми досу жеңишке жетпей калган. Анын "Агай, бир төш белгимди досума берейин. Ал төш белги алалбай калды" деп кабатырланганына бир чети таң калып, кубанып калгам. Мен көрсөткөн эрежелерди бат эле өздөштүрүп алат. Буюрса, көптөгөн жеңиштерди багындырат го деген ишеничтебиз", — дейт Медербек уулу Жоомарт.

Образцы золотошвейного искусства - Sputnik Кыргызстан
Секелек кыздын бийи соцтармакты багындырууда. Видео Ошто тартылышы мүмкүн
Нурмухаммеддин апасы Эльвира Исакова уулунун орус тилин мультфильмдердин жардамы менен ұйрөнүп алгандыгын айтат.

"Нурмухаммедди бала бакчага деле берген эмеспиз. Мектепке буюрса, сентябрь айынан баштап барат. Бирок, өзүнүн кызыгуусу менен орус тилин үйрөнүп алган. Атасы менен да орус тилинде сүйлөшөт",— дейт Исакова.

Кичинекей спортчудан ата-энеси да, машыктыруучусу да көптү күтөрүн улам-улам белгилеп айтышты.

Асылбек Урманов баласын аталган программага барып тартылууга ар тараптуу көмөк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Сейитбек Ташбаевге, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү Абдыманап Абдывахаповго жана Москвадагы агасы Нурланбек Урмановго чоң ыраазычылыгын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0