(0:43 / 5.09Mb / )

"Маш ботой" күүсүн катыра черткен орус кызы Мария

788
(жаңыланган 15:38 04.05.2017)
Бишкектин 19 жаштагы тургуну "оркестр кыз" деген ат менен көпчүлүккө таанылган Мария Наумова кыргыздын улуттук аспабы болгон комузда кол ойнотуп, бир нече күү черткен.

Мария Наумова комуз сыяктуу ондон ашык музыкалык аспапта ойной алат.

Талантуу өнөрпоз көпчүлүгү Канттагы авиабаза жана Кыргызстандын Бишкек епархиясындагы иш-чараларга катышат.

ЖМК өкүлдөрү таланттуу кызды Кыргызстан менен Россиянын достугун бириктирген көпүрө деп аташат. Ал эми Мария өзү эки элдин тең маданиятын бирдей, айкалыштырып алып жүрөрүн айткан.

Наумова музыкалык аспаптарда кол ойноткондон тышкары бий менен алектенип, бул тармакта да ийгиликке жеткен. Мындан сырткары, ал түрдүү фестивалдардын жеңүүчүсү, "Минута славы" телешоусунун катышуучусу болгон.

788
Белгилер:
комуз, талант, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Асылбек Насирдинов: жакында күүлөрүмдү уруксатсыз алгандарга чекит коём
Темир комуз кагып, кыргыздын улуттук кийимин кийген биздин Катя
Тажикстандан келген Джаз-бэнд кыргыздын "Эсимде" чыгармасын аткарды