Чоң-Алай: тургундар жер титирөө учуру тартылган видеону чыгарышты

Жазылуу
Тургундар видеону 3-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон жер титирөө учурунда тартып алган.

Чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улам кайталанган жер титирөөдөн эл чатырда жашоого мажбур
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын тургуну тоодогу жер титирөөнү телефонго тартып, аны Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жөнөткөн. Видеодон адырларды чаң басып калганын көрүүгө болот.

КР Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов жүрөк үшүн алган бул көрүнүш жер титирөө учурунда боло турчу кадимки нерсе экенин айтат.

"Жер титирөөнүн очогу көпчүлүк учурда тоодо жайгашып, кишилер ага жакын аралыкта болуп калышы ыктымал. Андыктан асманга ушундай чаң бырыксыйт. Сырттан караганда бул өзгөчө көрүнөт", — деди ал.

Белгилей кетсек, 3-майда саат 10:47те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреген. Анын таасири Кыргызстанда дагы сезилген. Жер титирөө Баткен облусунан түштүк-чыгышты карай 120 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 192 чакырым алыстыкта катталган. Андан кийинки күндөрү да бир нече ирет жер силкинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0