Суудай агылган урпактар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, 9-май Жеңиш күнү "Өлбөс полк" акциясынын алкагында 30 миңден 50 миңге чукул адам жүрүш жасады. Жүрүштүн узундугу Лев Толстой көчөсүнөн Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин созулуп, эки чакырымга чейин жеткен.

Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон Катюша - Sputnik Кыргызстан
Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон "Катюша"
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өткөрүлүп жаткан эң ири акциялардын биринин бул ирет асмандан көрүнүшү сөз менен айтып жеткиргис болду.

Жүрүштүн узундугу 2,2 чакырымга чейин жетип, катышуучулар Улуу Ата мекендик согушта душмандары менен салгылашкан чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн бийик көтөрүп, айрымдары аларды эстеп көздөрүнө жаш алып, согуш мезгилиндеги ырларды аткарышты.

"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлердин жана катышуучулардын элесине арналган. Массалык жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн көтөрүп өтөт.

Бул акция бүгүн Кыргызстандын бир канча облустарында жана шаарларында да болду.

Кыргызстандын булуң-бурчунда Жеңиш майрамы кантип белгиленип жатканын Sputnik материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0