Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар

Жазылуу
Кыргызстанда таланты менен элди таңыркаткан өспүрүмдөрдүн саны барган сайын өсүүдө. Алардын айрымдары эл аралык сынактарга катышып, өлкөнүн атын төгөрөктүн төрт бурчуна тааныта баштады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Өлкөнүн өзгөчө таланттуу балдары" рубрикасынын бул жолку каарманы — 11 жашында беш музыкалык аспапта кол ойноткон Элдар Жумашев.

Элдар учурда борбор калаадагы мектептердин биринде 4-класста билим алат. Сабактан тышкары таланттуу бала чыгармачылык менен алектенип комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы сыяктуу улуттук аспаптарда ойноп, фортепиано черткенди үйрөнүп жатат.

"Апам музыкалык мектепте мугалим, балдарга комуздан сабак берет. Мен аны менен бирге жумушуна барып жүрүп, сегиз жашымда комуз черте баштадым. Андан соң башка аспаптарды да үйрөнүп алдым. Келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан музыкант болсом дейм", — деди Элдар.

Маш ботой күүсүн катыра черткен орус кызы Мария - Sputnik Кыргызстан
"Маш ботой" күүсүн катыра черткен орус кызы Мария
Улуттук аспаптарды ийине жеткире ойногон жеткинчек эми фортепиано үйрөнө баштаган. Мугалими Айша Саралаеванын айтымында, ал функциясы татаал музыкалык аспапты тез эле өздөштүрүп кеткен.

"Менин окуучуларымдын эң кенжеси Элдар, абдан аракетчил, дилгир бала. Фортепиано үйрөнүү өтө татаал, бирок Элдар буга чейин нотаны билгендиктен бир айдын ичинде эле түрдүү обондорду пианиногого сала баштады ", — деди Саралаева.

Элдар бир катар фестиваль, иш-чараларга катышып алдыңкы орундарды багынтып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0