"Кудайбергенден" окуучуну сүзүп кетти делген айдоочу: ичип алган болчумун

Жазылуу
"Кудайберген" базары жактан 15 жаштагы өспүрүмдү койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу Кызыл-Аскердеги үйлөрдүн биринен милиция тарабынан кармалды. Ал кармоо учуруна катышкан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өспүрүмдү кантип койдуруп кеткенин айтып берди.

Патрис Лумумба көчөсүнөн өспүрүмдү сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу бир суткага жетпей кармалды. Ал 1959-жылы туулгандыгы белгилүү болду. Шектүү "Кудайбергендеги" жумушунан достору менен келе жатып бир нерсени кагып алганын сезгенин билдирди.

"Алгач машинаны сүздүм окшойт деп ойлогом. Көрсө адам экен. Бала менен эмне болгонун кийин билдим. Бир аз ичип алган болчумун. Күнөөнү моюнга алам", — деди шектүү.

Милиция унаанын жүргүнчүлөрүн дагы кармаган, алар кырсык болгон учурда унаанын ичинде болушкан. Материалдар тергөөчүлөргө өткөрүлүп, унаа айып короого токтотулду.

Subaru Forester унаасынын айдоочусу менен эмне болот?

Наезд на девушку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтин жанынан унаа жолдон өтүп бараткан кызды коюп кетти
Жол кырсыгы жазылып калган видеодо жол чийинден өтүп бараткан өспүрүмдү ак түстөгү Mercedes койдуруп, андан кийин Subaru Forester алдыңкы дөңгөлөктөрү менен тепселеп кеткени көрүнүп турат. Баланы ошол жердеги адамдар алып чыгышкан.

Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, Subaru Forester унаасын жаш бала айдап бараткан. Тергөө жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен анын күнөөсүнүн бар-жогу аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0