Килемчи Кибирахан апа: акча да табам, рахат да алам

Жазылуу
Баткен шаарынын тургуну Кибирахан Туйгунова килем токуу менен бала кезинен бери алектенет. Бул өнөрдү ал чоң энелеринен үйрөнгөн. Чыдамкайлыкты жана көздүн майын талап кылган килем жасоонун машакатын пенсионер көргөзүп берди.

Кол өнөрчү Жылдызбек Шамшиевдин архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жылдызбек Шамшиев: жыгачтан улуттук буюмдардын 47 түрүн жасайм
Кол өнөрчү жыл сайын чоң көлөмдөгү 2-3, анча чоң эмес көлөмдөгү 10го жакын килем токуйт. Койдун, эчкинин жүнүнөн жасалган килемди токуу жалгыз адамдын колунан келбейт. Анткени бир чоң килемди даяр кылууга 2-3 айга чейинки убакыт кетет.

Пенсонер Туйгунованын айтымында, килем күн жылыганда токула баштайт. Ага чейин кышкысын жүн тытып, керектүү каражаттарын даярдалат.

"Бул өнөр менен жыл бою алектенем десем болот. Анткени кышкысын дагы жөн жатпай жүп тытып, жип ийрийбиз. Мага келиним, небере кыздарым жардамдашат. Мурдагыга салыштырмалуу азыр бул иш менен алектенгендер азайып баратат. Унутулуп калбасын деп кошуна кыз-келиндерге дагы үйрөтөм. Эмгектерим менен көптөгөн сынактарга катыштым", — деди Туйгунова.

Табигый таза килемдер кой, эчкилердин жүнүнөн жасалат. Уз боёкторду дагы өз колу менен жасап табигый кылууга аракет кылат. Эски өнөр Туйгунованын үй бүлөсү үчүн киреше табуунун дагы булагы. Анткени алар жасаган эмгектер Баткен облусунда гана сатылбастан, буйрутманын негизинде башка облустарга да кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0