Жол тандабас Чоң Чүй каналынан чыгарылды. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналын жээктеп баратып сууга кулап кеткен. Темир тулпар бир жарым сааттан кийин кургакка чыгарылды.

Кырсык Чоң Чүй каналы менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде саат 16.00 чамасында болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө маалымдады. Анын айтымында, автоунаа сууну жээктеп баратып кулап кеткен.

"Унаа жай эле ылдамдыкта бараткан. Бир маалда сууга кулап кетти. Айдоочу сүзүп чыгып, унаасын чыгарып жаткандарды карап отурду. Ал мас абалында болгон окшойт", — деди күбө.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын кызматкерлери барган. Унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0