Баткен: суу тартыштыгынан чек арадагы өрүк бактары куурап чоң көйгөйгө айланууда

Жазылуу
Достук айылында 100 кожолукка жакын эл жашайт, айылда суу көйгөйү курч. Эл көбүнесе Тажикстан менен соода-сатык кылып жан багат.

Тажикстандын Исфара району менен чектешкен Баткен районунун Достук айылындагы Көк-Сай участкасында суу тартыштыгынан улам өрүк бактары куурап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургун Абдыразак Бостоновдун айтымында, мурда айылга сугат суу Тажикстан аркылуу келчү.

"Жер тартыш болгондуктан тажик тарап арыктарды бөгөп, суу өткөрбөй коюшту. Эми бул жерге электр чубалгыларын тарып келип, насостук станция куруп суудан көз карандысыз болушубуз керек. Анткени ушул бактар биздин чек араны аныктап турган. Буларды сактап калсак чек арабыз дагы да бекемделмек", — деди Бостонов.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында сел жүрүп турак-жайларды каптады - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда 11 турак жайды суу каптап, бир унааны агызып кетти
Ал эми Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов аталган айылда суу маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири экенин тастыктады.

"Достук айылында суу көйгөйү болгондуктан эл насостук станция куруп берүүнү өтүнгөн. Ошондо насостук станция куруу менен чек арада жайгашкан Көк-Сай участкасына электр энергиясын жеткирүү маселелери жаралган. Анан эл айылга суу чыгарууга токтолгон болчу. Кийин кайра Көк-Сайга электр энергиясын жеткирип берүү талабын коюп жатышат", — деди Ибраимов.

Достук айылында 100 кожолукка жакын эл жашайт, айылда суу көйгөйү курч. Эл Тажикстан менен соода-сатык кылып жан бакса, ал эми жумушка жарамдуу жаштардын көбү чет өлкөлөргө иштеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0