Бишкекте аял бекер суусундук тараткан компаниянын өкүлү менен жулмалаша кетти

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, окуя Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөлөрү кесилишкен жерде катталган.

Борбор калаада улуттук суусундук саткан компаниялардын бири уюштурган акцияда сатуучу менен кардар уруша кетти. Күбө окуянын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жөнөткөн.

Анын айтымында, окуя Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөлөрү кесилишкен жерде катталган.

"Бул окуяга аялдаманын жанынан туш болдум. Кимисиники туура экенин кеч барып түшүнбөй калдым. Сыягы сатуучу "бекер суусундук жок калды" деген окшойт. Бирок так айта албайм. Милицияны чакыртып маселени чечишебиз деп жаткан, бирок мен аягына чейин жетпей кетип калдым", – деди күбө.

Ошондой эле ал улуттук суусундукту эч жерден бекер ала албаганынын себебин кезек күткөндөрдүн саны жана жок калышы менен түшүндүрдү.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0