Тили так чыга элек Алан шаарларды шакылдатып, автоунааларды жазбай айтып берди

Жазылуу
Видеодон кагазга түшүрүлгөн фирмалык белгилерин бул Лено (Renault), бул Воскакен (Volkswagen) деп автоунаалардын аттарын жаземдебей таанып жана айтып жаткан бөбөктү көрүүгө болот.

Тили так чыга элек бөбөктүн кыргыз тилинде автоунаалардын маркаларын жана мамлекеттердин борборлорун такылдап санап берген видеосу бизге келип түштү.

Видеодо бала мамлекеттердин борборун айтып жатат.

—Өзбекстандын борбору кайсы?
—Таскент (Ташкент).

—Германиянын борбору?
—Белин (Берлин).

—Италиянын борбору?
—Лим (Рим)

Ошентип, бала бир нече шаарлардын атын атаган.

Бөбөктүн таякеси Мирбек Мунарбек уулунун билдиргенине караганда, бала төрт жашта экен. Учурда ата-энеси менен Москва шаарында жашайт.

"Алан Жороев азыр төрт жашта. Көп мамлекеттердин борборун, андан сырткары, автоунаалардын маркаларын айырмалай билет. Түстөрдү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жаңылбай айтып бере алат",— деди Мирбек Мунарбек уулу.

Эсеп чыгарып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу балдар: 6 айында тамга тааныган Раим, 11 секундда кубик чогулткан Чыңгыз
Аландын автоунааларга кызыгуусу тили жаңы чыккандан тарта эле башталган экен.

"Кичинесинде эле көчөдөн кетип бара жатканда кызыгып, автоунаалардын маркаларын сурай берчү. Ошентип, баарын байкатпастан эле жаттап алыптыр",— деди ал.

Таякеси Алан үй-бүлөдөгү бирден бир бала экендигин жана ал бала бакчага барарын айтты. Ошондой эле баланын ата-энеси Жалал-абад областынын Сузак районунунда жашап, кийин Москвага көчүп кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0