Бишкекте жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Кырсык "Кара-Жыгач" кичи районундагы Горький көчөсүндө катталган.

Бишкекте жүк ташуучу унаадан өрт чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык саат 15.00дөр чамасында "Кара-Жыгач" кичи районундагы Горький көчөсүндө катталган.

ӨКМдин маалымат кызматы КамАЗдан өрт чыкканын ырастады.

"Өрт тууралуу маалымат саат 15.08де келип түштү, 15.40да толугу менен өчүрүлдү. Жабыр тарткандар жок. Өрт КамАЗдын кабинасынан чыккан", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Ошондой эле өрттүн чыгуу себептери 2-июнда белгилүү болорун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0