"Футбол сулуусу – 2017" сынагынын жеңүүчүсү футболго кантип келип калганын айтты

Жазылуу
Быйылкы "Футбол сулуусу" сынагын Надира Исакова жеңип алды. Ал футбол сүйүүчүлөрүнүн Asia Gold KG командасын түзгөн

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде футболго кантип келип калганын айтып берди.

Исакова футболго келгенге чейин каратэ жана балет менен алектенген. Каратэ до боюнча кара курдун ээси болууга да жетишкен.

"Бардыгы Амстердамга окууга баргандан кийин башталды. Окуудан тышкары кайрымдуулук уюмунда ыктыярчы болуп иштедим. Ошондой эле бизге өз курактуу балдарды сергек жашоого чакыруу үчүн спорт аянтчасын беришкен. Ал жактан футболго кызыгып калдым", — деди ал.

Дриблинг жана сокку — Акеля Жумалиева топ тебүү чеберчилигин көрсөттү
Надира Москвага окууга тапшыргандан кийин "Пантеон" футбол лигасынын футбол сүйүүчүлөрдүн AsiaGold командасына мүчө болгон.

Ал дарбазага күтүлбөгөн жерден эле туруп калганын айтты.

"Башында сол капталдагы коргоочу болчумун. Былтыр жайкы сезондо биздин дарбазачы кыз оюн учурунда жаракат алып, мен анын ордуна турушум керек болуп калды. Андан кийин мени дарбазачы катары машыктыра башташты, өзүм да аракет кылдым", — деди Исакова.

Надира Кыргызстанга келгенде футбол сүйүүчүлөрдүн Asia Gold KG командасын түптөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0