(0:12 / 3.24Mb / )

Жолго чуркап чыгып, дөңгөлөккө урунган бала. Видеого тартылган кадрлар

(жаңыланган 12:34 09.06.2017)
Видеодо тепкич менен чуркап чыккан бала эки жагын карабай жолду кесип өтөм дегенде машина уруп кеткендеги учуру түшүп калган.

Борбор калаада унаа баланы коюп кетип, жыгылган тестиер тура калып, артка чуркаганы видеого түшкөн. Бул туурасында окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы болжол менен 8-июнь күнү саат 18:10до болгон.

Видеого тепкич менен чуркап чыккан кичине бала эки жагын карабай жолду кесип өтөм дегенде Honda Odyssey уруп кеткендиги түшүп калган.

Бишкек шаардык Кайгуул милициясы маалыматты текшерип жатканын айтты.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Белгилер:
видео, жол кыймылы, бала, Бишкек
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Куткаруучулар тапкан сөөктөрдүн кимге тиешелүү экендигин билбей жатышат
Жол кырсыгына үйрөнчүк айдоочулар эмес, тажрыйбалуулар себепкер болот
Бишкекте эки унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Жабыр тарткандар бар

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

(жаңыланган 16:18 13.04.2021)
Далбас уруп арстандан качкан элик жырткычты кыйла артта калтыргандай болгон. Бирок капыстан аңга түшүп кетип жем болгону видеого түшүп калган.

Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.

Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.

Белгилер:
элик, арстан, Кения
Тема боюнча
Тарбаңдап, улам жакындап. Жаалданган осьминогдун чочуткан видеосу