(0:40 / 5.11Mb / )

Көзүңдү кара! Телефонго тигилген адамдардын жолдон өткөн "кербези"

565
Sputnik Кыргызстан жолдон кантип өтпөш керектигин көзгө сайып көрсөткөн видеолорду тизмектеди

2017-жылдын беш айында жол кырсыктарынын 245 адам каза болсо, анын 19у балдар. Бул ИИМДин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы тараткан маалымат. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн көрсөткүч.

Автомектеп жана айдоочулар ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова жол кырсыктарына айдоочулар эле эмес, жөө адамдар да күнөөлүү экенин айтат.

"Жол чийинге келгенде эки жакты карап, айдоочулар сени көрүп жатканына ынаныш керек. Бул жол эрежесинин эң жөнөкөй мыйзамы", — деди ал.

Видеодо адамдар телефон, планшеттерине үңүлүп, жолдон өтүп баратканын көрүүгө болот. Жол эрежесин көбүнчө өспүрүм балдар-кыздар сактабаганы айтылып келет.

565
Белгилер:
жол чийин, жол кырсыгы, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте мотоциклченди машина коюп кеткенин күбө видеого тартып калган
Жолго чуркап чыгып, дөңгөлөккө урунган бала. Видеого тартылган кадрлар