Унаа токтотуучу жайда өрттөнгөн машина. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Унаа ээсинин ширетүү иштерин колдонууда эрежелерди сактабагандыгы өрттүн чыгуусуна себеп болгон

Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Түндө Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып толугу менен күйүп кетти
Бишкекте кечээ түнү унаа токтотуучу жайда турган машина өрттөнүп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя болжол менен түнкү саат 23.10дордо Калык Акиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодон унаа токтотуучу жайда машина күйүп, айланасында жабалактап турган элди көрүүгө болот.

Окуяны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

"Бул боюнча бизге 23.10до маалымат келип түшкөн. Өрт 23.45те толугу менен өчүрүлдү. Унаа ээсинин ширетүү иштерин колдонууда эрежелерди сактабагандыгы өрттүн чыгуусуна себеп болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктан жаракат алгандар болгон жок.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0