"Чык эшикке!" Жээнбеков өкмөттүк кеңешмеде отурган аткаминерди кууп чыкты

Жазылуу
Жээнбеков атка минерди отчет даярдабай келгенсиң деп жемелеген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты.

Жээнбеков аткаминерди жыйынга даярданбай келгенин айтып жемелеген.

"Жарык жок, суу жок, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Ошон үчүн эч кимдин көчкүсү жок. Бул жерге келээрден мурда Ошко чалып, ал жакта эмне болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсуңбу. Чык эшикке!" — деп кеңешмеден чыгарып салды.

Эскерте кетсек, май айында Чоң-Алайда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга көчүрүлгөн. Ал эми Өзгөндүн айылдарында жер көчүп жүздөгөн адам коопсуз жайга жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0