Кара керик. Архив

Улуу Британиядагы зоопаркта мүйүздүү кара керик туулду

171
(жаңыланган 11:27 01.07.2017)
Мүйүзүнүн узундугу бир сантиметр болгон керикти, энеси 16 ай курсагында көтөргөн.

Англиянын Честер шаарындагы зоопаркта мүйүздүү кара керик туулду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Негизи кара кериктерден башкасы мүйүзү жок туулат. Ал эми бул кериктин мүйүзү бир сантиметрге жетип, энесинин курсагында 16 ай жаткан.

Кериктин балдары туулгандан 15 мүнөт өткөндөн кийин бутуна туруп, төрт сааттан соң эме баштайт.

171
Белгилер:
Англия, зоопарк, керик
Тема боюнча
Чехия: зоопаркта мүйүзүн араалап, керикти сактоого аракет кылышууда
Африкада бегемот керикти сууга чөктүрүп өлтүрдү. Окуянын видеосу
Индиядагы фестивалда жинденген пил айланасынын чакчелекейин чыгарды. Видео

Ошто бүгүн мэр баштаган 25 миң адам шаарды тазалоого чыкты. Видео

69
Бүгүн Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик болуп өттү. Мэриянын маалымат кызматы шаарды тазалоого 25 миңден ашуун адам чыкканын билдирди.

Калаа мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын аппараты, шаардык кеңештин эмгек жамааты, шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, жеке ишканалардын кызматкерлери, спортчулар, журналисттер активдүү катышкан.

Анын алкагында 2100 куб метр таштанды чогултулганы айтылды.

Шаар башчысы Навои паркынын жанындагы Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн тегерек-четин тазалаган.

69
Белгилер:
ишембилик, тазалоо, Ош шаары, Алмаз Мамбетов
Тема боюнча
Майрамдан кийин "Ала-Тоодон" канча таштанды чыкты. Сүрөт
Ошто Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу каралууда

Россия Казакстандагы полигондо кезектеги ракетасын сынады. Видео

63
Россиянын Коргоо министрлиги чабуулга каршы системасына кирген кезектеги жаңы ракетасын сынады. Видео ведомствонун YouTube-каналына жарыяланган.

Иш-чара Казакстандын Сары-Шаган полигонунда болуп өттү.

"Ракета бардык мүнөздөмөлөрүнө жооп берип, мыктылыгын көрсөттү. Ал шарттуу бутага таамай тийди", — деди Аба-космостук коргонуу күчтөрүнүн Чабуулга каршы коргонуу бирикмесинин командири Сергей Грабчук.

Бул система аба-космостук чабуулдардан коргонууга багытталганы белгиленди.

63
Белгилер:
Россия, Казакстан, ракета, сыноо
Тема боюнча
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот