Жалал-Абадда сейрек кездешүүчү операция жасалды

Жазылуу
Оорукананын директору, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында бейтап оор абалында келген.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Жалал-Абадда сейрек кездешүүчү операция жасалып, бейтаптын жүрөгүнүн үч клапаны алмаштырылды. Бул тууралуу дарыгер Калдарбек Абдраманов билдирди.

Маалыматка ылайык, операция Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборунда жасалган. Анда дарыгерлер 49 жаштагы Бурма Исаеванын жүрөгүнүн үч клапанын алмаштырган.

Оорукананын директору, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында бейтап оор абалында келген.

"Анын акчасы жана жардам бере турган адамдары жок болгон. Андан сырткары, буту менен ичи шишип, боору чоңоюп, өпкөсүнө суу толуп келген. Мындай абалдагы бейтаптарды дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк ооруканалар операцияга алышпайт. Анткени алардын жетимиш пайызы өлүм менен аяктап калчу", —деди Абдраманов.

Профессор ошондой эле мындай операцияны көпчүлүк хирургдар тобокелдикке салып жасабай тургандыгын кошумчалады.

Жалал-Абаддагы бул медициналык борбордо жылына 200дөй операция жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0