Ысыктан качкан күчүк муздаткычтан чыкпай ээсинин айласын кетирди. Видео

Жазылуу
Хаски тукумундагы Тося аттуу күчүк мээ кайнаткан ысыктан өзгөчө ыкма менен сактанып жатат. Муздаткычка кирип алып чыкпай жаткан итти кожоюну видеого тартып алган.

Тося Алтай өрөөнүндө жашаган үй-бүлөнүн ити. Видеодон суукка чыдамдуу келген бул жаныбар ысыкта өзүн ыңгайсыз сезип, айласын таппай турганын байкоого болот.

Улам-улам музду жалаган күчүк кожоюнунун шыйрактан кармап тартканына карабай, муздаткычтан чыккысы келбей тырмышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0