Камыш баскан саздан бизнес жасаган сузактык тургундун ийгилик сыры

Жазылуу
Сузактын Шерный айылынын тургуну Арстан Маматов сай жээгиндеги камыш баскан сазды тазалап балык чарбачылыгын өздөштүргөн.

Ал сайдын жака белинен бир гектар жерди ижарага алып 30 сотых жерине атайын көлмөлөрдү куруп балык салган.

"Өзүм бала кезден эле балык чарбачылыгына кызыкчумун. Көп күндөрүм сай боюнда балык уулап өткөн. 2003-жылы камыш баскан сазды 49 жылга ижарага алдым. Алгач балыктардын уругун таштоо үчүн ыңгайлуу жерди таап, техниканын жардамы менен камыштарды тазалап көлмө жасаганбыз. Экскаваторлор тыгыла берип кийинчерээк чакырсам келгенден да коркуп калышкан. Көлмөнү жакшыртуу үчүн эки миллион сомдой каражат сарптадым", — деди Маматов.

Ал жерге барган эс алуучулар акы төлөп өздөрү балык кармаса да болот.

Маматов учурда дагы кошумча көлмөлөрдү куруп бул бизнесин өркүндөтүү менен алектенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0