Жүрөктү жылыткан көрүнүш. Сууга чөгүп бара жаткан чаарчыкты ит куткарып калды

Жазылуу
Лонг-Айленд аралында Шторм деген каймана аты бар ит сууга чөгүп бара жаткан эликтин чаарчыгын куткарып калды. Видеодон Шторм чаарчыкты суу жээгине сүйрөп чыгып эсине келтирүү үчүн таманы жана мурду менен түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк куткаруучулар эликтин баласын реабилитациялык борборго алып кетишкен. Алар чаарчык бир нече айдан кийин кайра токойго кое берилерин айтышкан.

Окуяны видеого иттин ээси тартып алып интернетке жүктөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0