Томпоңдоп сууда сүзгөн иттин видеосу интернетти багындырууда. Видео

Жазылуу
Үй жаныбарынын видеосун үч күн ичинде 235 миңден ашык адам көргөн

Интернет колдонуучулардын арасында популярдуу болгон видеону иттин ээси өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Видеого корги тукумундагы иттин сууда сүзүп жүргөнү тартылган. Аны операторлор түрдүү ракурста тасмага түшүргөн.

Иттин ээси үй жаныбарын ар жума сайын сууга алып барып тураарын айтат.

"Итимди жумасына бир жолу бассейнге алып барам. Жайкысын болсо катуу толкун болбогон учурда пляжга барабыз", — деди ал.

Тасманы бир күндө эле 170 миңден ашык адам көргөн. Ал эми ага назар салгандардын саны учурда 235 миңден ашып, жүздөгөн комментарийлер жазылды.

Үй жаныбарынын Instagram баракчасына 50 миңдей адам катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0