"Оймо" фестивалынын жабылышы. Ыр-бий, шат маанай

Жазылуу
Бишкекте "Оймо" фестивалынын жабылышы болду.

Бир канча өлкөлөрдөн келген 150 кол өнөрчүнүн колунан чыккан буюмдарынын жарманкеси болду. Бул жерде Өзбекстандын атактуу жибегинен тарта бейкасам чапандарын, түркүн-түстүү оймолор салынган табактарды, кыргыздын кийизден жасалган улуттук кийимдерин жана буюмдарын табууга болот эле.

Бул маданий иш-чара 2006-жылдан тарта өтүп келет. Ал адатта Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. Дүйшөмбү күнү кол өнөрчүлөр кыргыз берметине аттанып кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0