Бердымухамедов генералдарга тапанчадан таамай атканды үйрөттү. Полигондогу видео

Жазылуу
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов күч структурасынын жетекчилерине мастер-класс көрсөткөн видео интернетке тарады

Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов верхом на коне ахалтекинской породы - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти неберелери менен бирге жаңы ыр чыгарды
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аскерий машыгууларга катышканын "Хроника Туркменистана" порталы жазып чыкты.

ЖМКнын маалыматына караганда, мамлекет башчы күч структураларынын жетекчилерине таамай атып, душманга бычак ыргытканды үйрөткөн.

Президентти кол чаап колдоп тургандар жөнөкөй аскерлер эмес. Алар Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, бажы, миграция жана башка ведомстволордун жетекчилери экени порталда белгиленген.

Мындан тышкары, Бердымухамедовдун жетекчилигинде атайын операция жүргүзүлгөн. Сценарий боюнча атайын даярдыктагы аскерлер тик учак менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0