Бишкектик таксистти бычактоого шектелгендер окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Бишкектик таксистти 19 жолу бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелген адамдар Чүй облусунун "Ак-Жол" постунан кармалып, сурак маалында кылган кылмышы тууралуу айтып беришти.

Эске салсак, 31-июлдан 1-августка караган түнү Бишкек шаарында таксистке бир нече жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн.

Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жайылда өз атасын уруп өлтүрдү деген шек менен 28 жаштагы жигит кармалды
Чүй ОИИБдин Кайгуул милициясы Honda Fit үлгүсүндөгү унааны Бишкек — "Манас" аэропорту унаа жолундагы "Ак-Жол" постунан кармашкан. Токтоткондо тиешелүү документтери жок айдоочу ээ-жаа бербей, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн.

Унааны тинтүү маалында медициналык кол кап, маска жана кан болгон бычак табылганын Чүй ОИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгынын ага тескөөчүсү Марат Дүйшеев билдирди.

"23 жаштагы З.Д. жана 29 жаштагы М.Ж аттуу жарандар алдын ала сүйлөшүп, таксистке кол салышкан. Алар жалдаган таксинин рулунда 32 жаштагы Б.Э. аттуу адам болгон. Экөө таксисттен Түштүк магистраль жакка айдоосун өтүнүшкөн. Качан гана айтылган дарекке жеткенде 23 жаштагы З.Д. атайын даярдап койгон бычакты алып чыгып, айдоочунун курсак жана моюн жагына 19 жолу сайган", — деди Дүйшеев.

Шектүүлөр сурак берүү маалында окуянын кандайча болгонун айтып берип, күнөөлөрүн моюндаган.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде мурдагы аялынын башын таш менен жанчып өлтүргөн жаран кесилди
Алар таксисттин сөөгүн Кой-Таш капчыгайына алып барышкан. Бирок сөөктү ыргытууга бири гана чыгып, экинчиси унаада отурган.

Андан соң шаардан чыгып кетүүнү пландап, бирок жолдон акча таап алуу үчүн төрт адамды Дача СУ айылына жеткирип келгенин айтышат.

Иликтөө маалында каза болгон адам мурда ички иштер органдарында иштегени белгилүү болду. Ал 2011-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0