Түз эфир маалында кабарчыны жаакка бир койгон кишинин видеосу тарады

Жазылуу
Окуя журналист Аба-десант күчтөрүнүн күнүн белгилөө тууралуу айтып жатканда болгон

Москвадагы Горький атындагы сейил бакта мас киши НТВ каналынын “Өзгөчө кырдаал” программасынын учурунда сүйлөп жаткан журналист Никита Развозжаевди жаакка бир койгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Окуя 2-август күнү Аба-десант күтөрүнүн күнүн белгилөө маалында болгон.

“Репортажды токтотууга туура келди”, — деп айтылат телеканалдын сайтында. 

НТВ телеканалынын маалымат кызматы жабырлануучунун абалы жакшы экенин белгиледи.

Ал эми укук коргоо органдары кол салган киши кармалганын, анын Аба-десант күчтөрүнө эч кандай тиешеси жок экени маалымдады.

Прокуратура аталган ишти териштирүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0