Кыргыз аскерлери Ала-Арчадан россиялык альпинистти аман алып калышты. Видео

Жазылуу
Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскерлери Ала-Арча капчыгайынан 47 жаштагы россиялык альпинист аялды куткарышты

КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, альпинистти сактап калууга МИ-8 МТВ тик учагы менен командир, учкуч-инструктор жана борттехниктен турган экипаж барган. 

© Фото / Генеральный штаб ВС КРАльпинист аял өпкө шишиги диагнозу менен ооруканага жеткирилди
Альпинист аял өпкө шишиги диагнозу менен ооруканага жеткирилди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Альпинист аял өпкө шишиги диагнозу менен ооруканага жеткирилди
© Фото / Генеральный штаб ВС КРКорона чокусуна чыгып бара жаткан альпинист деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик жерине жеткенде өзүн жаман сезе баштаган
Корона чокусуна чыгып бара жаткан альпинист деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик жерине жеткенде өзүн жаман сезе баштаган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Корона чокусуна чыгып бара жаткан альпинист деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик жерине жеткенде өзүн жаман сезе баштаган
1/2
Альпинист аял өпкө шишиги диагнозу менен ооруканага жеткирилди
2/2
Корона чокусуна чыгып бара жаткан альпинист деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик жерине жеткенде өзүн жаман сезе баштаган

Альпинист аял алгач "Фрунзе-1" аэродромуна алып келинип, кийин өпкө шишиги диагнозу менен ооруканага жеткирилди.

Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскерлери бир жуманын ичинде ушуну менен экинчи жолу тоодо калгандарды куткарууга учуп барышты. Биринчисинде Ленин чокусуна чыгууну көздөгөн немис альпинистин алып түшүүгө туура келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0