Текебаев сот өкүм чыгаргандан кийин тарапташтарына кайрылды. Видео

Жазылуу
Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лилери Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык алардын мүлкү мамлекетке чегерилип, мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин мамлекеттик жумуштарда үч жылга чейин иштей албайт.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шайлдабекова: сот "Текебаев тестке катышсын" деген чечим чыгарган эмес
Текебаевдин тарапташтары соттун чечимин шаардык сотко даттана турганын билдиришти.

Сот өкүмүн окугандан кийин Текебаев залдагы тарапташтарына "бардыгы жакшы болот, чындык биз тарапта" деп кайрылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Текебаев Россиялык ишкерлерден "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясын алардын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0