"Эч кимге моюн бербегиле!" Кыргыз улакчыларын шыктандырган видео

Жазылуу
Таймаш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүчүлөрү бүгүн саат 17.00дө оюндун расмий ачылышынан кийин беттешүүгө чыгат.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...
Астанадагы дүйнө биринчилигине барган кыргыз улакчыларын шыктандырып жаткан видео Көк бөрү федерациясынын Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Видеодон улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев улакчыларга "Кандай басым болбосун моюн бербегиле! Кимдин урпагы экениңерди, эмнеге келгениңерди унутпагыла! Шашпай, кылдаттык менен ойногула!" деп дем берип жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн эртең мененки саат 9.00гө пландаштырылган Кыргызстан менен Монголия командаларынын беттешүүсү така чырынан улам башталбай, сүйлөшүүлөрдөн соң саат 17.00дө оюндун расмий ачылышынан кийинкиге белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0