Ак илбирс кантип жан багат? Кыргыз тоолорунан тартылган видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеооператору Эмил Садыров Ысык-Көлдөгү жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборунда болуп, ак илбирстердин жашоосунан "бир үзүм" тартуулап турган чагы.

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Болсун! Кыргызстанда ак илбирстин тукуму көбөйүүдө
Ысык-Көлдөгү Ананьево айылындагы тоолордо Кунак, Алсу жана Колючка деген үч ак илбирс жашайт. Бул жаныбарларды качандыр бир кезде бракоеньерлер капканына түшүрүп, Кыргызстандан алып чыгууга аракет кылышкан. Бирок чек арадан кармалып, илбирстер NABU уюмунун жапайы жаныбарлар үчүн ачылган реабилитациялык борборуна жөнөтүлгөн. Кунак менен Алсу 16да болсо, Колючка 9 жашта.

Бир илбирс күнүнө үч килограммдан эт жей турганын борбордо иштеген Максим Дмитриченко айтып берди. Жаныбарлардын курсагын тойгузуу үчүн тоо этегинде атайын эшектер багылат экен.

"Илбирстердин табигый инстикттери сакталып калган — булар жаныбарларды кармап, өлтүрүп кое алышат. Бирок ага карабастан биз эшектерди өзүбүз соёбуз, анткени алар илбирстерди жарадар кылып коюшу мүмкүн", — деди Дмитриченко.

Борбор калаадагы Жаштар аллеясына чоң салтанат менен илбирстин эстелиги орнотулду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ортосунан орун алган ак илбирс. Сүрөттөр түрмөгү
Ак илбирс жаратылышта 10 жылга чукул жашайт. Мындан улам Кунак менен Алсу карып калган деп эсептелинет. Төрт жыл мурун реабилитациялык борбордо беш илбирс жашап келген, экөөнүн көзүнө операция жасалышы керек болгондуктан Казакстанга жиберилген.

Аталган борбордо илбирстерден тышкары сүлөсүн жана сейрек кездешкен канаттуулар бар. Жапайы жаныбарлар реабилитациядан өткөн соң коруктан чыгарылат. Акыркы үч жыл ичинде 40тан ашуун жандыкты сактап калууга мүмкүн болгон.

Тоолордун падышасы болгон ак илбирс тууралуу кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0