Ак илбирсти сактайбыз! Форумдан алынган кадрлар

Жазылуу
Ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү сейрек кездешкен жаныбарды көбөйтүү үчүн чаралар көрүлөрүн билдиришти.

Реабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево - Sputnik Кыргызстан
Көрбөгөн адам арманда! Кыргыз тоолорундагы ак илбирс, сүлөсүн жана сейрек куштар
Жума күнү, 25-августта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Алар: Кыргызстан, Афганистан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Форумдун алкагында Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Саммиттин катышуучуларынын алдында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Ал жаңы өкмөт Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ак илбирстин эко-системасын сактоо долбоорун киргизиши керектигин билдирди.

"Жакында дайындала турган өкмөт башчыга кайрылгым келет. Учурда 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы иштелип жатат. 40-жылы Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы майрамдалат. Кыргыз каганатынын биринчи башчысынын аты Барсбек болгону да жакшы белги. Буга байланыштуу программага ак илбирстин эко-системасын киргизүү туура болот. Биздин урпактар ак илбирсти музейден гана көрүп калбашы керек", — деди Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчы форумдун катышуучуларын Глобалдык экологиялык фонд колдой турган ак илбирсти сактоо боюнча өлкөлөр аралык мультидолбоорду ишке ашырууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0