Атамбаев: өзүм өстүргөн жигит премьер болду, ишенген досум президент болобу деп ойлойм

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушуу учурунда жаңы түзүлгөн өкмөт президент баштаган жол менен кетерине ишенерин айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө өкмөттүн жаңы курамы жаштардан куралганын баса белгилеген.

"Менин дагы 1-декабрга чейин мөөнөтүм бар. Кызматтан кеткенден кийин ишенген бир досум президент болуп калабы деп ойлоп турам. Өзүм өстүргөн жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жол менен кетерине ишенем. Ошондой эле бүтпөй калган иштерге көз салышат. Анын арасында ушул Ынтымак айылынын маселелери да бар", — деди Атамбаев.

Ушу тапта өлкө башчы Ош облусунда жүрөт. Иш сапардын жүрүшүндө ал жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0