(2:16 / 17.03Mb / )

Илмиянов: көк бөрүчүлөргө ат минбегендер, улак көрбөгөндөр сын тагууда

1869
(жаңыланган 08:40 01.09.2017)
,
Астандагы дүйнө чемпионатына катышкан көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн, 29-августта кайтып келди

Кыргызстандык команданы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштаган спортчулар, Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов жана шаардыктар тосуп алышты. Андан соң маалымат жыйыны уюштурулуп, оюн тууралуу пикирлер айтылды.

Алгач Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов көк бөрүчүлөргө спортчулардын жана жаштардын атынан ыразычылык билдирди.

"Бизде эч кандай туура эмес ой болгон жок. Баарын көрүп турдук, муну спорт деп коёт. Жаңы эреже менен ойноп экинчи орунга жетишүү да оңой эмес. Биз сиздерге дагы да жакшы шарттарды түзүп беребиз. Алдыда Көчмөндөр оюндары турат, бүгүн болбосо эртең биринчиликти алабыз", — деди Аманкулов.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов таймашка казак улакчылары да катуу даярданганын белгиледи.

"Бул беттеш оңой болгон жок. Алар да бир чоң мамлекеттин командасы. Чынын айтканда кээ бир кыйын балдарыбыз оюнда чеберчилигин көрсөтө албай калды. Тилекке каршы, эмнегедир ошол күнү оомат келген жок. Эң өкүнүчтүүсү — сиздер күткөн жеңишти алып келе албадык. Ушул оюндан кетирген кемчиликти эске алып, кийинкиде жеңишти ыйгарганга толук күчүбүздү жумшайбыз", — деди Илмиянов.

Мындан сырткары, ал кыргызстандыктар баш байгени соодалап жиберишти деген сөз чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Коопсуздук жана калыстык жагынан баары сүйлөшүлгөн. "Аянып, коркуп эртең мушташып кетебиз деп ойлонбой чеберчилик менен ойногула. Утуп жүргөнбүз, мында дагы утушка жетели" деген сөзүмдүн аяк жагын кесип салып башка жакка буруп жатышат. Бул балдар бир жарым ай, Астанада 15 күн беш тыйын табалы деп жүрүшкөн жок. Булар жеңишке жетели деп барган. Ар бир жаран ушулардай мекенин сүйгөн патриот болсун. Буларга ат минип улак тартып көрбөгөндөр сын тагып жатат. Биз баарын көтөрөбүз, чыдайбыз!" — деди федерациянын президенти.

Ошондой эле ал көкпар боюнча дүйнө чемпионаты кийинки жылы Түркияда өтүп калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Ага Кыргызстандын катышаар-катышпасы азырынча белгисиз.

1869
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, Икрамжан Илмиянов, Көк бөрү
Тема:
Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты (34)
Тема боюнча
Бегалиев: көк бөрү боюнча беттеште соодалашуу болгон жок
Казакстан көк бөрү боюнча дүйнө чемпиону болду

Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео

163
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Анда жаңы жабдыктарды ойлоп таап, идеясын ишке ашыргысы келгендер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Борбор Кыргызпатенттин алдында түзүлүп, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

"Ушуну менен токтоп калбастан инновациялык инфратүзүмдү аймактарга дагы жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем", — деди төрага.

Инновациялык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Касиет Качаганова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инновациялык борбор беш аянтчадан турат. Биринчиси — китепкана, экинчиси — балдар лабораториясы, үчүнчүсү — конференц-зал, төртүнчүсү — өндүрүш лабораториясы, бешинчиси — коворкинг-борбору. Башкача айтканда, биз инновациялык экосистеманын бардык блокторун камтыган аянтчабыз. Китепканадан сиздер билим, теория алсаңыздар, балдар лабораториясынан бир нерсени ойлоп табууга үйрөнөсүздөр. Коворкингден идеяларды иштеп чыгып, өндүрүш лабораториясынан өзүңүздүн продукцияңызды чыгарасыз. Ал эми конференц-залдан жыйынтыгын презентациялайсыз", — деди Качаганова.

Ал эми FabLab индустриалдык инновация бөлүмүнүн кызматкери Айдар Алымбековдун айтымында, борбордо ойлоп табуучулардын ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берилет.

"Бизде санариптик программа менен башкарылган фрезердик станок, лазердик гравер, 3D-принтерлер, электрондук-тигүүчү машина, 3D-сканерлер бар. Fablab бөлүмүнүн максаты — ойлоп табуучулар менен стартаперлерге ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берүү. Бул жердеги аппаратура жыгачты, металлды кескенге, жаңы жабдыктардын деталдарын жасоого ылайыкташкан. Бардыгы сизден, сиздин идеяңыздан көз каранды", — деди ал.

Бийлик бул борбор бизнес менен ойлоп табуучулардын диалогу үчүн аянтча болуп берерине ишенүүдө. Бул аянтчаны түзүүгө 35 миллион сом сарпталып, Грузия менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган. "Кыргызпатент" борбордун эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык деп убадалады.

163
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргызпатент, ойлоп табуу, Мамлекеттик инновациялык борбор
Тема боюнча
Окуучулар үчүн! Ойлоп табуучулук боюнча кыргызча окуу куралы жарык көрдү

Чоң бакалардын мушташканын көрдүңүз беле? Айыгышкан кармаштын видеосу