Казакстандын рекорддор китебинин өкүлдөрү бул менен ал жаңы рекорд койгонун айткан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
11 жаштагы Амир мындай өнөрүн Астанадагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсү өтүп жаткан жерде тартуулаган. Учурда бул спортчу Казакстандын рекорддор китебинин беш жолку рекордчусу.
Ал өзүнүн өнөрүн Билим күнүндө окуучуларга арнап аларга ийгилик калоо менен бирге сергек жашоо образына чакырып өттү. Амир спорттон эле ийгилик жаратпастан мектепте да мыкты окуйт.