"Азия MIX" боорду эзди! КВНдин Астанада өткөн жайкы кубогунун толук версиясы

Жазылуу
Оюндун толук версиясын түндө Биринчи канал көрсөттү

Кечээ кечинде Россиянын Биринчи каналы КВНдин Жайкы кубок — 2017 оюнун толугу менен көрсөттү. Аталган оюн биринчи жолу Борбор Азиянын аймагында өттү.

Кубок 1-июлда ойнотулган. Ал эми жекшемби күнү көрөрмандарга оюндун телеверсиясы сунушталды. Төрт команда чемпиондук үчүн ат салышкан. Алар "Азия MIX", "ГородЪ ПятигорскЪ", Камызяк крайынын курамасы жана "Казахи" командасы.

Командалар негизинен "Визитка", "Биатлон" жана "Музыкалык үй тапшырма" боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Командалар EXPO жөнүндө, Нурсултан Назарбаевдин айткандары тууралуу жана көп аялдуулук жөнүндө айтып, казакча дагы ырдашты. Жеңишке "Казахи" командасы жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0