КРдин эң кымбат футболчусу бир буту жок Азис менен топ ойноду

Жазылуу
Таяк таянып, бир буту менен футбол ойногон Азис Даврановдун окуясы Футбол федерациясынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду

Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт - Sputnik Кыргызстан
Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт
Федерациянын президенти Семетей Султанов, команданын эң кымбат оюнчусу Антон Землянухин, Маркетинг жана PR департаментинин жетекчиси Анна Усмуналиева Давроновдордун үйүнө конокко барып, Азиске белек беришти.

Жаш оюнчуга жаңы топ жана футбол оюнчуларынын формасы тапшырылды. Ошондой эле Антон Землянухин өспүрүм менен топ ойногон. Азис мындай коноктордун келишине абдан кубанганын билдирди.

"Мен Азамат Байматов келет деп ойлогом. Бирок Антон Землянухин келиптир. Ал дагы Азаматтай мыкты ойнойт. Алгач абдан толкундандым, бирок баары жакшы өттү. Мага футбол формасы менен топ беришет деп ойлогом, бирок алар абдан көп форма жана эки топ ала келишиптир", — деди Азис.

Азис Даврановдун таяк таянып алып футбол ойноп жүргөн кези социалдык тармакка чыгып кеткенден кийин коомчулукка таанылган.

Өспүрүмдүн тарыхын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган видеосунан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0