Кенияда сейрек кездешкен ак акыра видеого түшүп калды

Жазылуу
Тасма жаныбарларды коргоочулар тарабынан тартылып, жаратылышта ак акыралардын бардыгын тастыктады

Кенияда жаныбарларды коргоочулар сейрек кездешкен ак акыраларды видеого тартып алганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Реабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево - Sputnik Кыргызстан
Көрбөгөн адам арманда! Кыргыз тоолорундагы ак илбирс, сүлөсүн жана сейрек куштар
Аталган видео Кениянын Гарисса аймагындагы "Ишакбини" коругунда тартылган. Тасмадан ээрчишип бараткан эне-бала акыраларды көрүүгө болот.

Ак акыралар окумуштуулар тарабынан 2016-жылдын январь айында Танзанияда табылган. Ал эми март айында Кениядан да байкашкан. Бирок окумуштуулар видеого же сүрөткө тартып кала алышкан эмес. Кенияда тартылган бул видео биринчи болуп, жаратылышта ак акыралар бар экенин тастыктай турганын аталган басылма баса белгилейт.

Ак акыралар лейкизм дартына чалдыкканын окумуштуулар айтышууда. Мындай учурда жаныбарлардын кара тактары мутацияга учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0