Канттын жанында эки унаа сүзүштү. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Кырсыктан кеминде алты адам жабыркаганы айтылууда

Кантка жакын жерде эки унаа сүзүшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

Анын айтымында, кырсык болжол менен саат 11.30дарда Бишкек — Торугарт унаа жолунда болгон. Мында Audi 100 менен Honda Stream кагышкан.

"Соккудан улам Audi жолдон чыгып кетти. Төрт кишини "Тез жардамды" күтпөй эле ооруканага алып кетишти. Алардан тышкары 50 жаштагы аял менен бир кыз жабыркады. Аларды дарыгерлер алып кетишти", — деди күбө.

Ысык-Ата райондук милиция бөлүмү кырсык болгонун тастыктады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0