Лаосто сел экскаватор менен машиналарды камгактай агызып кетти

Жазылуу
Бир нече күн тынбай жааган нөшөрдөн улам суу дамбаны жарып кеткен

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: быйыл 8 айда үч жүздөн ашык объект табигый кырсыктардан корголду
YouTube каналына Лаостогу үрөй учурган селдин видеосу жарыяланды. Анда Сиангкхуанг провинциясындагы дамбаны жырып чыккан сууну көрүүгө болот.

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда өлкө аймагында өткөн аптада тынбай жааган жаандан улам дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, дамбаны жырып кеткен. Анын кесепетинен бир нече айылды сел каптаган.

Лаостун бийлиги кырсыктын чоо-жайын аныктап жатат. Алдын ала маалымат боюнча дамба жаңыдан курулуп жаткандыктан суунун көлөмүн кармай албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0