Төрт эм баяны. Тентеги — "президент", "спикер", "мэр" ортодо, жоошу — "башкы дарыгер"

Жазылуу
Бишкек шаарында мындан 2,5 жыл мурда Нурлан Зарнаев менен Гүлайым Абдылдаеванын үй-бүлөсүндө төрт эм жарыкка келген

Sputnik Кыргызстан агенттиги Зарнаевдердин үйүнө барып, наристерлер кантип өсүп жатканын көрүп, көп балалуу үй-бүлөдөн кабар алды. Учурда жаш ата-эне жети уулду тарбиялап, өстүрүп жатат.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев былтыр Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине үй белек кылды - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаада кырктын кырында үч эм тапкан үй-бүлөгө президент турак жай белек кылды
Борбор калаанын четирээк жагынан орун алган кичи райондордун бириндеги көп кабаттуу үйдөгү батирге баш бакканда оператор Эмил экөөбүз эсебибизден жаңылып калдык. Кирип барганда эле кичинекейлердин көздөрү кызыгуу менен бизге тигилди. Андан соң кичинекей колдор акырындап үйүр алып, видеокамерага, микрофонго, диктофонго "ээлик кыла" баштады. Апасы менен мектеп жашындагы эки агасынын "кой-ай" дегени аларды саамга гана токтотуп, быйтыган колдор кайрадан "иштей баштады".

Эске сала кетсек, 2015-жылы апрелдин башында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм уул төрөгөн. Ымыркайларга Алмазбек (президенттин урматына), Асылбек, (ЖКнын ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун урматына), Кубанычбек (Бишкектин ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматовдун урматына) жана Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин урматына) деген ысымдар ыйгарылган. Алардын салмагы 2 кг. 80 гр., 2 кг. 270 гр, 1 кг. 770 гр. жана 2 кг 591 гр. болгон.

Мындан 2,5 жыл мурда бешикте жаткан кезинде эле балдардын жоошу доктур–Камчыбек эле. Биз сүрөткө, видеого тартып бүткүчө энесинин алдынан түшкөн да, алыстаган да жок.

Ал эми учурда "президент-Алмазбек" менен "спикер-Асылбектин" тентеги ашып туруптур. Ысымы таасир бергенби, кичинекей Алмазбек "протоколду" өздөштүрүп, анда-мында жанында жүргөндөргө кол булгалаганды үйрөнүп алыптыр.

Чурулдап жатып, биринчи кабатка түшүп, короого чыктык. Отургучка көчүк басып, маегибизди уланттык. Асылбек энесин кармалап, кучактап, анан бир учурда эшиктеги балдар аянтчасындагы кумда ойноп жаткан "мэр-Кубанычбектин" шапкесин жулуп ыргытып, түртүп жибергенге жетишти…

Биз жети уулдун энеси, 36 жаштагы Гүлайым менен балдардын ичкен тамагы, ойногон оюнчугу, чыргоологону, ал тургай ата-эненин конокко барар-барбасы туурасында сурап жетиштик.

үч эм балдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөлгөн үч эмдерге кандай жардам берилет?
Гүлайым уйку бетин эми гана көрө баштагандыгын айта баштады эле, колуна түтүкчө кармап алган Алмазбек энесинин мойнуна шап жабышты. Жакында коё берчүдөй эмес. Сөзүбүздү ананыраак уланталы дедик да, кийинки суроолорубузду балдардын атасы Нурланга узаттык.

Ал балдарды кантип жуунтканды, ымыркайга кийим тандаганды, анан да кичинекейлердин памперс-жалаяктарын алмаштырууну дурус эле өздөштүрүп калганын айтып отурду.

Ал арада кепке аралашкан балдардын энеси мектеп жашындагы уулдары 6-класстагы Нурсултан, 5-класстагы Эрбол жакшы жардамчы болуп жатканын кошумчалады.

"Уулдарым мектепке кеткенде төртөөнө ээ боло албай, кадимкидей эле кыйналып кетем. Алар барда бир топ жеңил. Атасы иштен келгенче Нурсултан менен Эрбол жакшы эле жардам беришет. Балдары ушулар эле бакты", — деди энеси.

Зарнаевдер азыр төрт уулун үйүнүн жанындагы бала бакчага берүүгө камданып жатыптыр.

"Азыр үчүнчү уулубуз Элхан барат, жакындан тарта төртөөнү да бала бакчага берели деген ниетибиз бар", — деди балдардын атасы.

Учурда Нурлан менен Гүлайым жети уулду тарбиялап жатат. Экөө мектеп жашында.

Төрт эм төрөлгөндөн соң 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев Заргаевдерге эки бөлмөлүү батир белек кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0