Кыргыз тилчи Людмила Войтышина: мага орус тилинен сабак берүү татаал

Жазылуу
Людмила Войтышина Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенет. Өзгөчөлүгү — кыргыз тилинде катыра сүйлөп, 21 жылдан бери кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.

Войтышина Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясын аяктаган. Бирок окууну бүткөн жылы орус тилчи мугалимдерге муктаждык аз болгондуктан мектеп директорунун сунушу менен кыргыз тилчи болууну чечкен. 

"Кесибим орус тилчи болгону менен бир дагы жолу орус тилинен сабак өткөн эмесмин. Мага кыргызча сабак өтүү оңой. Жөндөмөлөрдү өздөштүрүп алса эле маек курууга болот. Кыргыз тили өлкөнүн булуң-бурчунда окутулуп эле жатат. Бирок өзүнүн татыктуу баасын ала элек", — деди Войтышина.

Мугалимдин кыргыз тилинде катыра сүйлөп, жүздөгөн балага эне тилди үйрөтүүсү, албетте, көпчүлүктү таң калтырат. Өзүнүн айтымында, Суусамырда төрөлүп өскөндүгү тил үйрөнүүгө чоң көмөкчү болгон.

Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду
"Беш жашымда ата-энем Суусамырга көчүп келишкен. Айланадагы чогуу ойногон балдар, бала-бакча, коңшу-колоңдун бардыгы кыргыздар эле. Бир кезде кыргыз тилди билгеним жашоого чоң таасир этерин билбептирмин. Мектепте мугалим болуп ишке орношордо кыргыз тили боюнча атайын курстардан окугам. Жаңы иштеп баштаганда "муну кыргыз үй-бүлө багып алган же күйөөсү кыргыз" деген сөздөрдү айтышкан", — деди Войтышина.

Бирок окутуучу Людмила Войтышина үй-бүлө мүчөлөрү орус, жолдошу да орус улутунан. Буга чейин Кара-Балтадагы мектепте мугалим, Жайыл районунун билим берүү бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген. Быйыл кыздарынын окуусуна карап борборго көчүп келип, Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0