FIFA 2017-жылдын эң мыкты голдорун көрсөттү

Жазылуу
Эң кооз голдун ээси 23-октябрда Лондондо боло турчу иш-чарада аныкталат

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) эң кооз киргизилген гол ээсине тапшырыла турган Ференц Пушкаш сыйлыгына талапкерлердин аттарын атады.

Видео YouTube сайтында жарыяланды.

Ошский футбольный клуб Алай - Sputnik Кыргызстан
"Алай" футбол клубу төртүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду
Талапкерлдердин катарында Кевин-Принс Боатенг ("Лас-Пальмас"), Алехандро Камарго (Универсидад де Чили), Дейна Кастельянос (Венесуэланын 17 жашка чейин кыздар арасында улуттук курамасы), Мусса Дембеле ("Селтик"), Оливье Жиру ("Арсенал" Лондон), Авилес Уртадо ("Тихуана"), Оскарина Масулуке ("Барока"), Неманья Матич ("Челси"), Жорди Мбоула ("Барселонанын" жаштар командасы) жана "Ювентустун" чабуулчусу Марио Манджукич бар.

Жеңүүчүлөр FIFA уюмунун расмий сайтындагы добуш берүү менен аныкталат. Эң кооз киргизилген голдун ээси 23-октябрда Лондондо боло турган иш-чарада аныкталат.

Ференц Пушкаш атындагы сыйлык 1950-жылдардагы Венгриянын "Алтын командасынын" капитанынын атынан негизделген. Ал эң кооз киргизилген гол үчүн берилет. Акыркы жолу бул сыйлык Малайзиянын "Пулау Пинанг" комнадасынын оюнчусу Фаиз Субриге тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0