Казакстанда мушкер менен машыктыруучу калысты токмоктоп салышты. Окуянын видесу

Жазылуу
Окуя бокс боюнча беттеш бүткөн соң болгон. Анда мушкер өз машыктыруучусу менен калыска жулунуп, аны төрт-беш жолу уруп жиберишкен.

Казакстандын Бокс боюнча федерациясынын кубогунда боксер жана анын машыктыруучусу реферини ур-токмокко алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги кабарлады.

Анда Рахат жана Ерик Маржикпаевдер мелдештин чейрек финалындагы калыстын жыйынтыгына нааразы болуп калышкан. Ал эми аталган видеону Facebook баракчасына казакстандык коомдук ишмер Рахим Ошакбаев жарыялаган.

"Казакстандын бокс боюнча федерациясынын кубогундагы кызыктуу видео. Сыягы, Астананын машыктыруучусу калыстардын жыйынтыгына нааразы болуп калган өңдүү, өзүнүн боксчусу менен калысты токмоктоп салууга аракет кылышты. Алар бокс бул чыныгы мырзалардын спорту экенин унутуп калган өңдүү", — деп жазган Ошакбаев.

UFC мушкери таразага түшүү учурунда эстен танып жыгыла жаздады - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери таразага түшүү учурунда эстен танып жыгыла жаздады
Казакстандын Бокс федерациясынын жетекчиси жана Казакстандагы спорттук мелдештердин координатору Болат Абдрахманов окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлө турганын билдирди.

"Машыктыруучунун да, спортчунун да дисквалификацияланат. Бирок кайсы убакытка чейин мелдештерден чечттетилээри машыктыруучулар кеңеши жана аткаруу комитетинин бюросу чечет", — деди Абдрахманов.

Ал эми калыс машыктыруучу менен мушкердин абалына түшүнүү менен мамиле жасап, бирок алардын бул кылыгын жазасыз калтырбаш керек деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0