iPhone менен Samsung Galaxy таймашы видеого тартылды. Кайсынысы бышык?

Жазылуу
iPhone 8 Plus менен Galaxy Note 8 экөөнүн кайсынысы бышык экендигин аларды бийиктиктен ыргытып текшеришти

YouTube каналында эл арасында кеңири колдонулуп жүргөн Apple жана Samsung телефон аппараттарын салыштырган видео чыкты. Тест өткөргөндөр сапат боюнча текшерүүнү төрт этапка бөлүшкөн. Ар биринде телефондорду улам бийигирээк жерден ыргытып турушкан. Андан соң, ыргытылган аппараттын корпусу 10 упай менен бааланган.

Презентация iPhone X в Купертино - Sputnik Кыргызстан
iPhone X смартфонунун өң-жүздү таанычу функциясы эмнеси менен кооптуу?
Биринчи раундда эки аппараттын тең арткы жагы текшерилип, анда Galaxy Note 8 бир упайга ашып кеткен. Келеркисинде анын бурчун текшеришкенде, экөө тең анча жабыркаган эмес, бирок, Samsung "кыйналып калган". Ага тест өткөргөндөр атаандашына караганда, бир упайды азыраак ыйгарган.

Үчүнчү сыноодо аны бети менен ыргытышкан, тагыраагы дисплейдин сапаты текшерилген. Анда Samsung аманыраак чыгып эки упайды көп алып, iPhone аппаратынан бети бычыранып кеткен.

Ошентип, жыйынтыгында Galaxy Note 8 атаандашы iPhone 8 Plus аппаратына караганда бышык деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0